10.07.2019 12:12

Исхак Масалиев Алмазбек Атамбаевди балык менен «сыйлап» келгенин мойнуна алды

Исхак Масалиев Алмазбек Атамбаевди балык менен «сыйлап» келгенин мойнуна алды

Исхак Масалиев чынында эле Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда балык менен «сыйлап» турганын мойнуна алды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Күн мурун Алмазбек Атамбаев Кой-Ташта тарапташтары менен жолугуп жатып, депутат Масалиев бир жылы ага «жай бою балык ташып жүргөнүн» эскерди. Экс-президент мындан улам «Масалиевдин максаты - эптеп эле бийликке жагынуу» деген оюн билдирген.

Исхак Масалиев өзү муну танган жок, бирок маанисин бираз башкача кылды. «Ташып жүргөн» деген сөздү «сыйлагам» менен алмаштырды. Ошондой эле мунун эч уяты жок экенин билдирди. Айтымында, балыкты эч кимден уурдап алган эмес, өзү өстүргөн.

«АША менен (А.Атамбаев, - ред.) 2000-жылдан бери жакшы мамиледе болдук, ал менин Оштогу үйүмө келип турчу. 2010-2012-жылдары мамилебиз бир аз солгундай түштү, бирок 2012-жылы Жантөрө Сатыбалдиев мага МСК жетекчиси кызматын сунуштаганда А.Ш.А. (А.Атамбаев, - ред.) аны колдоду. Колумдан келишинче иштедим, кандай иштедим- ага мен баа бере албайм. Кызматтан кетип жатканымда мен ага кирип, рахматымды айттым. Аным үчүн уялбайм. Андыктан, ал чындыкты айтты». 

Сөзүнүн акырында Исхак Масалиев өз чарбачылыгындагы балыгын жарнамалай кетти:

«Менин балыгым чынында эле даамдуу. ФБдагы айрым достор аны билишет».